www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Бир катар категориядагы жарандар үчүн социалдык төлөмдөрдүн көлөмү көбөйдү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйынында билдирди.

Мындай төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүү динамикасы тууралуу сөз кылып, 2022-жылдын 1-июнунан тартып дагы кимге соцтөлөм көбөйтүлгөнүн айтты.

Министрдин маалыматы боюнча:

· I топтогу майыптыгы барлар үчүн – 2,5 миң сомдон 5,5 миң сомго чейин көбөйдү;

· II топтогу майыптыгы барлар үчүн – 2 миң сомдон 3 миң сомго чейин;

· III топтогу майыптыгы барлар үчүн – 1,5 сомдон 2 миң сомго чейин;

· жетим балдар үчүн – 2 миң сомдон 3 миң сомго чейин;

· пенсионерлер үчун – 1,5 миң сомдон 2 миң сомго чейин;

· баатыр энелер үчүн – 2,5 миң сомдон үчүн 3 миң сомго чейин.

Базарбаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылы 1-июндан тартып "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун суммасы 810 сомдон 1 миң 200 сомго, ал эми майыптыгы бар балдарды караган жеке ассистенттерге төлөнгөн сумма 4,9 миң сомдон 6,3 миң сомго көбөйтүлдү.

Министрдин айтымында, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып төмөнкү адамдарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлгөн болчу:

· майыптыгы бар балдарга – 4 миң сомдон 8 миң сомго чейин;

· ата-энесинин биринен ажыраган балдар – 1 миң сомдон 2 миң сомго чейин;

· жетим балдар – 2 миңден 6 миң сомго чейин;

· топтогу тубаса майыптар үчүн – 4 миң сомдон 8 миң сомго чейин;

· II топтогу тубаса майыптар үчүн – 3,3 миң сомдон 6,6 миң сомго чейин;

· III топтогу тубаса майыптар үчүн – 2,7 миң сомдон 5,4 миң сомго чейин;

· I топтогу майыптыгы барлар үчүн – 2 миң сомдон 2,5 миң сомго чейин;

· II топтогу майыптыгы барлар үчүн – 1,5 миң сомдон 3 миң сомго чейин;

· III топтогу майыптыгы барлар үчүн – 1 миң сомдон 1,5 миң сомго чейин;

· пенсионерлер үчүн – 1 миң сомдон 1,5 миң сомго чейин;

· баатыр энелер үчүн – 2 миң сомдон 2,5 миң сомго чейин.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости