www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан парламентинин Сенаты (жогорку палатасы) 200 миң сумдук жаңы банкнота менен бирге 1000 сумдук тыйындын дизайнын жактырды. Сенаттын 5-июлда кабыл алган тиешелүү токтому 14-июлда жарыяланды.

Өлкөнүн Борбордук банкы 1000 сум номиналындагы тыйынды жыл соңуна чейин жүгүртүүгө киргизүүнү пландап жатат. Азырынча анын дизайны коомчулукка көрсөтүлө элек.

Жыл башында Борбордук банктын төрагасы Мамаризо Нурмуратов каржы көзөмөл мекемесинде жаңы 1000 сумдук банкнотаны чыгаруу ниети жок экенин, ал тыйынга алмаштырыла турганын айткан.

Өзбекстанда 1000 сумдук банкнот дээрлик жүгүртүүдөн чыгып калган — 2021-жылы анын накталай акча базарындагы үлүшү 1,4% чейин төмөндөгөн. Буга ири номиналдагы банкноталардын үлүшү көбөйгөнү себеп болгон.

Буга чейин Өзбекстандын Борбордук банкы 15-июлдан тарта 200 миң сумдук жаңы банкнотту жүгүртүүгө киргизүү чечимин кабыл алганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости