www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы күндөрү интернет желелелеринде, социалдык тармактарда Кытайга, кытай жарандарына каршы багытталган толкун пайда болду. Кытайларга каршы айтылган аудиожазуулар тарап, түрдүү посттор жазылууда. Кээ бири калыс пикир болсо, арасында аша чаап кеткендери да бар. Элдин кыжырдануусуна, нааразылык жаратуусуна да себептер бар. Бирок, өтө аша чапкандар эки элдин мамилесине доо кетирип алуу коркунучун да жаратат. Ошондуктан бул оор да, чоң да маселени мамлекет башчылары кылдат чечип берүүсү учур талабы болуп турат.

Артур МЕДЕТБЕКОВ, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары: - Ачыгын айтканда, бир убактагы жем-корлордун жолдомосу, алардын коштоосу  менен башка мамлекеттерден келген инвестициялардан өз пайыздарын алып, инвестицияларды туура эмес иштетип, алардын ичинде кытай бизнесмендерине да алтын кенин иштетүүгө жол ачып беришкен. Жергиликтүү эл менен эсептешпей өз билемдиктерине салгандыктан арты ушуга барды. Ошол себептерден улам инвесторлорго каршы пикирлерин айткан чагымчылдык кылгандар да көбөйүп кетти. Экинчиден, динди, улутту жамынып, чет элден келген инвесторлорго каршы багыт тузүп, каршы оюндарды аткаргандары бүгүнкү замандын талабына ылайык эмес. Акыркы убакта социалдык тармактарда, медиа каражаттарында көп учурда кытай болобу, башка улут болобу, инвестициялык байланыштарды үзүү максатындабы, саясатчылар көмүскө оюндарды жүргузө баштады. Бүгүнкү күндө мьшдай саясый оюндардын кереги жок. Мамлекетке стабилдүүлүк жана коопсуздук, ошондой эле тынчтык керек. Ал эми мамлекет өнүгүшү үчүн инвестицияга муктаж. Башка чоң мамлекеттер менен тыгыз экономикалык соода байланыштар керек. Бүгүн улутгу, динди жамынып, саясый оюндарды баштаган адамдар Кыргызстандын өнүгүшүнө жардам берүүнү ойлошсо, мындай оюндарды токтотушу зарыл. Алар жаңылышып жатышат. Байкоосуз от менен ойноп алуулары мүмкүн. Алар аңдай иш жасап, мамлекетибиздин өнүгүшүнө, өсүшүнө, соода байланышына чоң тоскоолдук жасашат. Башка мамлекеттер да ал-акыбалыбызды карал, инвестиция алып келбей калышы мүмкүн. Бүгүнкү күндөгү социалдык тармактарда болгон көрүнүш - бул өзүнчө бир кыргыз мамлекетине башка мамлекеттерге болгон мамилеге жарака түзүп коюшу мүмкүн. Себеп дегенде, турмуштан сабак алып келебиз. Өткөн жылдагы кыргыз-казак келишпестигинен чек арада карантин болуп, ортодо ишкерлер азабьш тартышьш, чыгымга учурашты. Айрыкча кошуна мамлекеттер менен мамилебизди аярлап, соода катыштарын жасап турушубуз шарт. Бул багытга коомчулук дагы, мамлекет дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айрыкча катуу кеткендерин тыйып, өтө жогорку деңгээлдеги дипломатиялык жолдор менен маселени, бүгүнкү көйгөйдү чече алабыз. Бейооздордун куру кыйкырыгы менен маселе чечилбейт.

Булак: "Азия-Ньюс"

Последние новости