www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-декабрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу апелляциялык арыз каралат.
Кечээ, 27-декабрда Орозайым Нарматова өзүн жаман сезип, отурган жеринде эсин жоготуп жыгылган. Мындан улам отурум кийинки күнгө жылдырылган.
Эскерте кетсек, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.
Камакка алынгандардын 20га жакыны 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылууда. Бирок ачкачылык жарыялаган он киши тамак иче баштаганы айтылды.
Булак: NazarNews.kg