www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Апта соңунда Президент Алмазбек Атамбаев ММКларга байланышкан билдирүү таратты.

Kайрылууда кийинки мезгилдерде сөз эркиндигине жамынган айрым көз карандысыз журналисттер менен саясатчылар Президентти баш кылып, кызмат адамдарын «далилсиз ушактар менен көө жаапканга өткөнү» айтылат.

Ошондой эле кайрылууда мамлекет башчысы: «Журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эң башкы милдети жана укугу - бул адамдарга жалган маалыматтарды жана ушактарды эмес, калыс маалыматтарды, чындыкты жеткирүү экенин эске салгым келет»,-деп белгилеген.

Мунун алдында Кыргызстандагы көз карандысыз журналисттер бирикмеси ачык кайрылуу менен чыгып, Башкы прокуратура "Азаттык" радиосун, "Заноза" сайтын жана "24 kg" маалымат агенттигин сотко бергенине тынчсыздануусун билдирген. Бул маселеге байланыштуу активисттер «Укуктар жана сөз эркиндиги үчүн" аттуу жарандык жөө жүрүшкө чыгуу демилгесин дагы социалдык тармактарда жазууда.

Сөз эркиндиги

«Аталган редакциялардан зор өлчөмдөгү айыпты төлөтүүнү талап кылуу - бул сөз эркиндигине жана ММКлардын укуктарына бийлик тарабынан жасалып жаткан чабуул деп эсептейм»,-деп жазды белгилүү журналист Азамат Тынаев.

«Азаттык» радиосунун сайты "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун вице-президенти жана башкы редактору Ненад Пейдждин пикирин жарыялады.

"Эки учурда тең биз коомдук жыйындарда жасалган айыптоо фактыларын кабарлаганбыз. Дароо ал фактылар боюнча кыргыз президентинин администрациясына кайрылып, алар комментарий берээр замат жарыялап турдук. Өз атыбыздан эч кимди айыптаган жокпуз", - дейт Ненад Пейдж.

«Азаттык» сайты жарыялаган маалыматка караганда, «Башкы прокурор Индира Жолдубаева "Азаттык" радиосун 13-февралда жарыяланган "Текебаев Кипрдеги оффшордо Атамбаевдин мүлкү тууралуу маалымат тапканын билдирди" (орус тилиндеги жаңылык) жана 1-мартта жарыяланган "Ата-Мекендин юристтери: Текебаевдин камалышы анын Кипрдеги сапарына байланыштуу" (орус тилиндеги жаңылык) деген кабарлардан улам сотко кайрылып, президент Атамбаевдин ар-намысына шек келтиргени үчүн редакциядан бардыгы 20 миллион сом моралдык компенсация төлөтүп берүүнү суранган».

Ушундай эле доо арыз "Заноза" сайтынын үстүнөн жазылган. Ал эми "24.kg" агенттигин Социал-демократтар партиясы сотко берген.

Булак: "bbc.com"

Последние новости