www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун үй - бүлөсүнүн, туугандарынын бизнесин, мүлкүн декларация толтурган кезде жашырганы маалым болду. Бул тууралуу Кыргызстандагы мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери жана мүлкү боюнча декларациялык маалыматтардын базасы болгон declarator.politmer.kg порталы жазып чыкты.

Декларацияда көрсөтүлгөн маалымат боюнча спикердин бир жылдык кирешеси 715-770 миң сомду түзөт. Бул айына 60-64 миң сом табат дегенди билдирет. Декларацияда 59 чарчы метрлик гана батирге ээлик кыла турганы көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда аялы Алина Кушубекованын бизнесин көрсөткөн эмес. Declarator.politmer.kg  сайтынын жазганына караганда, дары-дармек сатуучу "Аль-Био Фарм" ишканасына ээлик кылат. Ишкана 2018-жылы 93 миң сом салык төлөгөн. Мындан сырткары спикердин декларацияда көрсөтүлбөгөн "Артисбек Ата балдары" айыл чарба кооперативи дагы бар экени көрсөтүлгөн. Төрага 3-июлдагы маалымат жыйында аялы Алина Кушубекованын чакан компаниясы бар экенин айтып,
бирок, "ар турдүу ушак-айыңдан алыс болуу үчүн бизнесин токтотконун" билдирген, - дейт "Багыт.kg" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости