www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта тоок фабрикасы өрттөлүп, өзү каза болгон фермердин уулу жаңы ишкана курду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда ферманын курулушу, жабдууларын орнотуу иштери дээрлик аяктаган. Жабдуулар Түркия мамлекетинен алынып келинген, заманбап технологиянын жардамы менен автоматташтырылган системада иштейт. Жакынкы күндөрү тоокторду алынып келинет. Ферма пайдаланууга берилсе 40 миң тоок багылып, күнүнө 35 миңге жакын жумуртка алышы күтүлүүдө.

Ферманын арты менен 15 жумушчу орун түзүлөт. Облус башчысы Абдикарим Алимбаев ал жакка барып мындай чоң ишкананын ишке кириши мамлекеттин көзөмөлүндө экенин айткан.

Белгилей кетсек, былтыр сентябрда чек арадагы кагылышта Матиса Надировдун Ак-Сай айылындагы тоок фабрикасы өрттөлүп, өзү каза болгон. Атасынын ишин уулу Адилет Абдувалиев улантууда. Мамлекет тарабынан ага 30 миллион сом жеңилдетилген насыя берилген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости