www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан коңшу өлкөгө мыйзамсыз түрдө тамеки алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, УКМК тарабынан УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарынан тышкары товарларды мыйзамсыз алып кирүү жана алып чыгуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюунча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 4-6-июлунда Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы “Мамай” тилкесинде жана Аксы районунун Кош-Дөбө айылында 31 кутуга салынган 15 миң 500 таңгак өлчөмүндөгү (Milano маркасындагы) тамеки буюмдары түрүндөгү контрафакттык товарды Өзбекстан Республикасынын аймагына алып өтүүгө аракет кылган Кыргыз Республикасынын жарандары 1981-жылы туулган С.Н.Т. жана 1987-жылы туулган К.К.И. кармалды.

Азыркы учурда аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү (Экономикалык контрабанда) жана 239-беренеси (Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияларды акциздик маркалары жана идентификациялоо каражаттары жок жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

КР УКМК жарандарды ушул сыяктуу фактылар жана башка укук бузуулар боюнча маалыматтар болсо УКМКнын башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 телефондоруна кайрылууну өтүнөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости