www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, «Кумтөр» кенине берилген тышкы башкаруу режими токтотулду. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компанинин» расмий сайтында жарыяланды.
Анда «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинги жана анын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк эки апта ичинде эки жылда жасалган иштер тууралуу отчет бериши керектиги белгиленген.
Эске салсак, Министрлер кабинети 23-августта, "Кумтөр голд компани" компаниясында финансылык мыйзам бузуулар аныкталып, аны жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилгенин кабарлаган.
Бирок, буга карабастан Теңгиз Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылган.
Ал эми "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жаңы жетекчилигине Алмаз Барыктабасов дайындалган.
Булак: NazarNews.kg