www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасына 7-8-июнда болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Эл аралык Астана форумунун ишине катышып, сөз сүйлөдү, ошондой эле модератор Ричард Квесттин бүткүл региондун экономикалык жана экологиялык дивиденддерин алуу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн кооперациясынын артыкчылыктары жөнүндө суроосуна жооп берди.

Ушул эле жерде Эл аралык Астана форумунун алкагында Садыр Жапаров Босния жана Герцеговинанын Президиумунун Төрайымы Желька Цвиянович менен жолугушту.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечеги, бардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча чаралар тууралуу баарлашты.

Садыр Жапаров менен Желька Цвиянович мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бири-бирин өз өлкөсүнө сапар менен келүүгө чакырышты.

Казакстанга болгон иш сапарын аяктап, бүгүн, 8-июнда Президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости