www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жылдык жүгүртүүсү 140 миллион сомдон ашык жашыруун цехтердин мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштарды ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында, ошондой эле өлкөнү азык-түлүк менен камсыз кылуу, сүт даярдоо боюнча жашыруун цехтердин ишине бөгөт коюлду.

Такталгандай, сүт өндүрүүчүлөр узак убакыт бою фермерлер менен сүт заводдорунун ортосунда ортомчу болушуп, алар элден сүттү арзан баада сатып алып, дыйкандарга сүттү түздөн-түз завод-фабрикаларга жеткирүүгө тоскоолдук кылып келишкен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, сүт сатып алуучулар антисанитардык шарттарда максималдуу пайда алуу максатында үй шартында быштак жана кычкыл сүт азыктарын өндүрүү үчүн чийки сүттү Бишкек шаарынын ири базарларында сатуу менен алгачкы иштетүүнү жүргүзүшүп, андан кийин алар сүт заводдоруна жеткирилгендиги  аныкталган.

Мындан сырткары, сүт өндүрүүчүлөр салыктарды төлөөдөн качуу максатында кирешенин иш жүзүндөгү суммасын атайылап жашырышкан. Жашыруун цехтердин ишмердүүлүгү жылына 140 миллион сомдон ашык болгондугун, мында салыкка келтирилген алдын-ала зыяндын суммасы 34 миллион сомго жакынды түзгөн.

2023-жылдын 10-майында сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, чийки сүт өндүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүн уюштуруучуларынын бири «А.М.» аттуу жаран кармалып, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР    УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча сатып алуу агенттеринин ишмердүүлүгүнө салыктык текшерүү жүргүзүлүүдө.

КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан сүт азыктарын өндүрүүчү ири ишкерлердин жана бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар адамдардын катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости