www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгүнө карата коомчулукта жакшы пикирлер аз. Көпчүлүк депутаттар өз ишин түшүнбөйт, билими тайыз, көз карашы жок кошоматчы дешип нааразы болгондор арбын. Мындан улам Жогорку Кеңештин беделин түшүрүп жиберишкенин айтышкан жарандар, эл өкүлдөрүнүн деңгээлине ичтери чыкпай, ар дайым ачык сынга алып келишет.
Бүгүнкү күндө мыйзамды сактайлы, элди сыйлайлы, өзүбүздүн милдетибизди, укугубузду билели деп, чындык үчүн жалгыз Адахан Мадумаров чыркырап жатканын көрүп жатабыз. Каалайбызбы, каалабайбызбы бул факт.
Мадумаровдон башка эл өкүлдөрү маанилүү маселелерде ак же көк деп оюн ачык айтышпай, коңулга кирип кетет. Анан баягы эле жаман көрүнүп Мадумаров калат.
Мына канчадан бери Баш мыйзамдын беренелери сакталбай тебеленип жатканын какшап айтып депутаттарга, президентке түшүндүрө албай келет.
Айталы, Мадумаров: "Башкы прокурорду президент убактылуу кызматтан четтети. Президент четтете албайт. Конституцияда ошондой жазылган. Мыйзам бузулуп жатса да Жогорку Кеңеш үн каткан жокпуз. Административдик аймактык түзүлүшкө өзгөртүүлөрдү киргизип жатат. Конституция боюнча президент ага укугу жок. Аны Жогорку Кеңеш аныктайт. Парламент бекитет. Бул Конституциянын талабы", - деп зар какшап мыйзам бузууларды көзгө сайып көргөзүп берип жатат.
Башым деген депутат жок. Дээрлик баары Кыргызстан кыйсыпыр болсо болсун, кара башын соо болсо болду дешип, кылтыйып кумга башын төө куштун "позасын" кармап билмексен...
Анан айткандын оозу, ыйлагандын көзү жаман дегендей, чындыкты айткан Адахан Мадумаров жаман. Уят, ар деле калбай калды, азыркы парламентте отурган депутаттардын көбүндө.
Булак: NazarNews.kg