www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Төкөлдөштө жер маселесинен улам чыр чыкты

Бүгүн, 12-майда Бишкек шаарындагы Төкөлдөш конушунда жарандар арасында чыр чыкты. Бул окуя Армей көчөсүндөгү 51 жер тилкеси менен байланыштуу.

Квартал жетекчиси Тохтахан Мунахунованын маалыматы боюнча, анда 1996-жылы берилген жерди приватташтыруу боюнча документ бар.

«Бул жер тилкеси башка адамга берилип, 2005-жылдагы мамлекеттик акт алганы кийин белгилүү болду. Бирок жер берүүгө жарыяланган мораторий күчүндө болчу», - деди ал. Квартал башчынын маалыматы боюнча, 51 жер тилкеде 72 үй-бүлө жашайт.

Бул жер тилкелерге байланыштуу ар кандай маселелер бар. Айрымдарынын оппоненти болсо, айрымдарынын чек арасы так эмес.

Ал эми экинчи тараптын өкүлүнүн маалыматы боюнча,соттун аны колдогон чечимине карабстан 2017-жылдан бери жерине толук ээ боло албай келет.

Бул амакта сот аткаруучулар менен милиция кызматкерлери иштеп жатышат

Булак: Аkipress.kg

Последние новости