www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистанда ушул аптада мурдагы премьер-министр жана оппозиция лидери Имран Хан камакка алынгандан кийин башталган массалык нааразылык акцияларында каза болгондордун жалпы саны 10го жетип, 1759у жараат алды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги Пакистандын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып билдирди.
Маалыматка караганда, каза болгондордун баары карапайым адамдар, ал эми жаракат алгандардын арасында жөнөкөй жарандар да, полиция кызматкерлери да бар. Буга чейин сегиз киши каза болуп, 290 адам жаракат алганы кабарланган.
Эскерте кетсек, 9-майда Имран Хан коррупция боюнча айыпталып, полиция тарабынан кармалган.
Саясатчынын кармалышынын фонунда өлкөдө бир нече күндөн бери массалык башаламандыктар өтүп жатат.
Митингдердин жана тополоңдордун натыйжасында 140тан ашуун полиция кызматкери жана аткаминерлер жарадар болуп, мамлекеттик жана жеке мекемелерди «вандализмге, зордук-зомбулукка жана өрт коюуга» катыштыгы бар деген айып менен 1400дөй адам камакка алынган. Рейтер агенттиги тополоңдо кеминде беш киши каза болгонун кабарлады.
Булак: NazarNews.kg