www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен бул макаланы жазуума көп нерселер себеп болду. «Өчпөгөн жылдыз»- аталышындагы китепти баштаарын баштап алып, башкы каарман кыргыздын жаркыраган талантуу уулу, Жолдубай Кайыповдун жаркын элесин, анын күйөөрмандарынын жан дүйнөлөрүнө жеткизе албай калсам кантет деген санаркоо мени бушайманга салган. 10 жылга дейре бир чечимге келе албай, акыры жазуучу, кыргыздын гиннес китебинин автору, акын, котормочу көп кырлуу талант Ысмайыл Кадыровдун колдоо- шыкагы менен Кыргыз эл акыны, мамлекеттик бир катар сыйлыктардын ээси айтылуу Шайлообек Дүйшеев баш сөз жазып, мен күткөндөгүдөн да эл жакшы кабыл алган китептин автору болдум да калдым.
Бул жагымдуу окуя менин жашоомдо чыгармачылыкка жол ачты окшойт. Үлкөн жазуучу же акын болбосом дагы бир нерселерди чиймелей калган мага адат болуп калды. Анда санда көпчүлүк кыргыздар катары жамактап бир нерсе жазган болуп, ал дептерди жакшылап катып койупмун. Күндөрдүн бир күнүндө туулган айылым досторум менен чогуу ойноп жүргөн күндөрүм түшүмө кирип, кадимки кино көргөндөй болдум. Ал кинодо көзү өтүп кеткен ата- апалар биздин балалык, кылган кылыктарыбыз кайталанды. Ошондо мен туулган айылым тууралу китеп жазышым керек деп максат кылып койдум. Жылы эсимден чыгып кетиптир 26- февраль менин туулган күнүмдө Шайлообек байке филормонияда президент Роза Отунбаеванын колдоосу менен Атбашылыктар дүңгүрөтүп 60-жылдык маареке белгиленди. Кыргыздын дагы бир талантуусу Түгөлбай Казаков чечен тил менен чечилип, маарекени кайталангыс деңгээлде алып барды. Ошол маарекеде олтуруп, негедир жаным тынч албай, эл тойлогонго кетсе мен үйгө жөнөдүм. Үйдө куда- сөөктөрүм, жакындарым менен туулган күнүмдү белгилеп, коноктор эрте тарашты. Компьютерге олтуруп болочок китебиме «Айылым бүтпөс дастаным »- деп ат коюуп, баягы түшүмдү чечмелеп баштадым…
Кара сөз менен башталып, кайсыл учурда ырга өтүп ата- апалардын кылыктарын жаза баштаганымды билбейм. Ошентип тынбай 2- 3саатай олтурдум, улам куюлушуп келген жамактарды жазып. Кыйратып койгонсуп кагазга көчүрүп, Ысмайыл байкеме алып бардым. Ал менин көңүлүмдү кыйбай, жакшы болуптур, бирок кара сөз менен жазсаң жакшы болчудай деп кеңеши берди. Түпкүрүндө байкемдин эмне айткысы келгенин түшүнүп, өжөрлөнүп баштадым. Бир нече убакыттан кийин Шайлообек байкеге алып барып, батасын алып китеп, ыр- дастан болуп чыгып, ага бир топ ырларым кошулду. Анан бир кезде ыр дептер колго тийип калып, ошондо чала иштелген сүйүү, эргүү ырларын кайра иштеп Фейсбукка коюуп атам.
Шайлообек байкенин бир айтканы такыр эсимден кетпейт.
«Эгерде касиет аркылуу бир ой, ыр, обон д.у.с келсе убагында этибар албай койсоң, кийин кулагын укпай, көзүң көрбөй калганда кайталанып, мазесиңди алып, оюуңду чаржайыт кылат» - экен дегени. Ушул сөздү жүрөгүмө жакын алып, мага келген ыр, ой иши кылса кулагыма шыбыр угулгандын баарын жазып, кийин мээмди айлантып, айнытпасын деп, жөө, машина айдап келетканда, жалгыз жүрсөм, тойдо болсом да ыгын таап чиймелеп койом. Арасында ар багыттагы ырлар бар. Мурда -кийинкисин оңдоп, айрымдарын ФБ жөнөтсөм мага ар кыл суроолор жаайт. Сүйүүгө кабылдыңбы, жашың өтүп кеткенде ырларыңдын темасы кандай?, дешсе, бирөөлөр бул темалар түбөлүктүү да деп айтор сөздөр көп…А мен болсо ар кимдин кабыл алуусуна коюуп, чыгармалардын окулуп жатканына компойом…. Айтор мени тааныгандар ар кыл суроо салышса, мени тааныбагандарга ырларым жооп берип аткандай…Алдыда жолдор көп, мезгил өз таразасын берээр…
Сталбек Абраевдин ой толгоосу Фейсбук баракчасынан алынды;
Булак: NazarNews.kg