www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Будапешт Процессинин Алтынчы министрлер конференциясынын алкагында  Түрция Республикасынын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолукту. Эки министрликтин башчыларынын жолугушуусунда эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды.
Түркиялык министр Кыргызстан менен Туркиянын  ортосундагы эки тараптуу кызматташуусунун өнүгүүсүнө өткөн жылы эки мамлекеттин башчыларынын бири-бирине барышкан иш-сапарлары  түрткү бергендигин   белгиледи. 
Жогорку деңгээлге жеткен макулдашууларды ишке ашыруу максатында Сойлу Кыргызстан менен Туркиянын ички иштер министрликтеринин ортосундагы эки тараптуу кызматташууну күчөтүү керектиги жөнүндө өз пикирин айтты.

Өз кезегинде министр К. Джунушалиев азыркы келишим базасына көңүл бурду. Бүгүнкү күндө тараптар  1992-жылдагы эки тараптуу ведомстволор аралык макулдашуунун алкагында кызматташып жаткандыгын белгиледи. Аталган макулдашуу кылмыштуулуктун учурдагы коркунучтары менен күрөшүү чөйрөсүнө талаптагыдай толук жооп бербээрин белгилеп, Джунушалиев эки тараптуу макулдашуу базасын жаңыртууну сунуштады.  Ошондой эле, жолугушуунун оң натыйжаларына жетүү үчүн ал эки ведомствонун ортосундагы макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу менен алектеген бирдиктүү жумушчу тобун түзүүнү демилгеледи. Тараптар жогорудагыдай макулдашуулар  улуттар аралык кылмыштар менен күрөшүү, анын ичинде эл аралык терроризм,  экстремизм,  мыйзамсыз 
миграция, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана уюшкан кылмыштуулук боюнча ведомстволор аралык кызматташууну күчөтөөрүн белгилешти. Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости