www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стамбулдагы жер титирөө. ТИМ маалымат таратты

Түркиядагы жер титирөөлөрдө кыргызстандыктар жабыркагандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик 2025-жылдын 23-апрелинде Стамбул провинциясынын Силиври районунда жана Стамбулдун чет жакасындагы Бююкчекмеже районунда болгон жер титирөөлөргө байланыштуу кырдаалдын өнүгүшүнө көз салып жаткандыгы кабарланды.

ТИМ Стамбулда жана анын айланасында жүргөн Кыргызстандын жарандарына тынчтыкты сактоону, жергиликтүү бийликтин жана өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууну сунуштайт.

Өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда кыргызстандыктар Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулдугуна +90 53510772 12 ыкчам байланыш номуру аркылуу кайрыла алышат.

Последние новости