www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Жогорку Соту экс-президент Дональд Трампты жалаа жаап жатат деп айыптаган мурдагы модель жана порнографиялык актриса Сторми Дэниэлстин доо арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы Wall Street Journal чыныгы аты Стефани Клиффорд болгон Дэниэлс Трамптын президенттикке талапкерлигин көрсөткөнгө чейин анын жактоочусу Майкл Коэн актрисага 130 миң доллар төлөгөндүгүн жазып, коомчулуктун көңүлүн бурган.

Журналда актрисанын президент менен байланыштарын ачыкка чыгарбоо келишими жазылган. Бирок Ак үй бул маалыматты четке каккан. Кийинчерээк, актриса жалпыга маалымдоо каражаттарына Трамп менен болгон мамилеси тууралуу маалыматты ачыкка чыгарганы үчүн белгисиз адам аны жана анын баласын коркутканын айткан. Президент Дэниэлсти калп айтып жатат деп айыптаган.

Буга жооп кылып, актриса АКШнын мурдагы президентин жалаа жапты деп айыптап, сотко кайрылган. Бирок Нью-Йорктогу сот ишти кароодон баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости