www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Студенттер контрактын баасын төмөндөтүүнү талап кылышууда

Бүгүн, 15-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин алдында студенттер митингге чыгышты. Алар контрактын акысын 30 пайыздан 50 пайызга чейин кыскартууну талап кылышууда.

“Биздин укуктарыбыз бузулуп жатат. Университеттер менен келишимди күндүзгү окууга түзгөнбүз. Пандемия башталгандан бери бир жыл бою үйдө онлайн окудук. Интернет, коммуналдык кызматтардын акысын өз чөнтөгүбүздөн төлөдүк. Университеттин электр энергиясын, жылуулугун ж.б чыгымдарын кетирген жокпуз. Буга чейин биз билим берүү министри, ректорлор менен биргеликте пресс-конференция өткөргөнбүз. Жыйынтыгында бизге жардам берилет деген бирок жооп дагы деле жок. Бизге көңүл бурулсун деген максатта ушундай митинг уюштурдук”, - деди атын атагысы келбеген студент.

Билим берүү министринин орун басары Нурлан Омуров студенттерди кабыл алып, пандемия убагында финансылык жеңилдик 68 университетке 117 миллион сом колдоо болгондугун билдирди.

Андан сырткары контрактын баасын 50 пайызга чейин кыскартып берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу билим берүү министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова экономика министрлигине контрактын баасын төмөндөтүү маселеси боюнча билдирүү жиберилгендигин, билим берүү министрлиги бул маселени өз алдынча чече албаарын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости