www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК ККК тарабынан Мамлекеттик байланыш агенттигинде көзөмөлдөнгөн компанияларга радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия берүүдө Кыргыз Республикасынын колдонулган мыйзамдарын бузуу менен дагы бир коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекетик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси жеке бир компаниялардын биринин өкүлү менен жең учунан сүйлөшүп алышып, Бишкек жана Ош шаарларында зымсыз туташуу станцияларын иштетүү үчүн аларга 20 МГц өткөрмө жөндөмдүүлүгү бар радиожыштык спектрин колдонууга лицензия берген. Ал эми аукционго коюлган радиожыштык спектринин баштапкы баасы 61,5 миллион сомду түзүп, мамлекеттин кирешесине кириши мүмкүн болгон. (Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан конкурстардын (аукциондордун жана конкурстардын) негизинде гана берилет.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу чаралары көрүлүүдө.

Мындан тышкары, ККК радиожыштык спектрлерин пайдаланууга, аларды кийин аукциондо сатуу үчүн негизсиз берилген лицензияларды түзүү жана мамлекетке кайтаруу боюнча жигердүү иш алып барылууда, жана бул бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшүнө өбөлгө түзөт. Азыркы учурда, тергелип жаткан кылмыш иштери боюнча көрүлгөн чаралардын алкагында жалпы баасы 143,7 миллион сомду түзгөн радиожыштыктарды мамлекетке кайтарып берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости