www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тыныбекова мындан бир нече саат мурда, чейрек финалда румыниялык, ал эми баштапкы этапта латвиялык спортчуларды уткан.

Айсулуу Тыныбекова эми Олимпиада-2020 мелдешинин алтын байгеси үчүн күрөшөт. Ал жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону утуп алды.

Беттеште 10:0 техникалык таза артыкчылык менен жеңишке жетти. Анын жүрүшүн КТРК Спорт каналы түз алып көрсөттү.

Эми Тыныбекова экинчи жарым финалдагы болгариялык Таибе Мустафа Юсейин жана япониялык Юкако Кавайи жубунун жеңүүчүсү менен алтын байге үчүн таймашат.

Ал мындан бир нече саат мурда, чейрек финалда румыниялык Кристина Инченин далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздады. Ал эми баштапкы этапта латвиялык Анастасия Григорьева менен кармашып 8:0 эсебинде утуп алган.

Азыркы тапта Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун рейтингинде 62 килограмм салмактагы балбан кыздардын арасында биринчи орунда турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости