www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“76 жашка чыгып калган аксакалды кыйнап, камабай эле койгон туура”, - деди бүгүн, 3-августта NazarNews маалымат агенттигине белгилүү журналист Мелис Арып-Бек.

--“Аскар Акаев Кыргызстандын биринчи ажоосу. Ал Кыргызстан алгач эгемендүү мамлекет болуп, өз алдынча демократиялуу өлкө болгонуна чоң салым кошкон. Биз жок дегенде ушул жакшы кылган нерселерин эске алып, камабашыбыз керек. Ал Кыргызстандын өз алдынча мамлекет болушуна себеп болгон адамдардын бири. Мен туңгуч президент тууралуу ак, карасын көп жазгам.

Негизи “Кумтөр” иши Аскар Акаев президент болуп турганда башталып калды. Анан бузукулар колдонуп кетишти. Чоң кемчилиги ушунда болуп калды. Бирок Акаевдин бир дагы койгон колу жок.

Ачык айтып, көрсөтмө берем деп өз каалоосу менен келиптир. Биз айкөл элбиз. Азыр 76 жашка чыгып калган аксакалды кыйнап, камабай эле койгон туура. Эми “Кумтөрдөгү” алтындарды кайтарууга жардам берсин”, - дейт журналист.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости