www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«2003-2009-жылдары кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп койгон Акылбек Жапаров суракка алынбай, анын айыптоосу менен башкалар камалып жатканы таң калычтуу», - деди бүгүн, 3-августта NazarNews маалымат агенттигине журналист Турсунбек Бейшенбеков.

«Темир Сариев «Кумтөр» маселесинде ар дайым мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон позицияны карманып келген. Эгерде «Кумтөр» боюнча чыныгы адилеттүүлүккө жетебиз десек, анда 2003-2009-жылдары «Кумтөрдүн» позициясын бекемдеп, мамлекеттин кызыкчылыгын саткан келишимге кол койгон аткаминерлер биринчи камалышы керек.

2003-2009-жылдары кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп койгон Акылбек Жапаров суракка алынбай, анын айыптоосу менен башкалар камалып жатканы таң калычтуу. Убагында «Кумтөрдү» Темир Сариев жетектеген комиссия так жана даана иликтеп, бардык аргументтерди топтоп тиешелүү органдарга өткөрүп берген.

Себеби, мыйзам боюнча Комиссиянын милдети кемчиликтерди аныктоо, калганын күч түзүмдөрү жүргүзөт. Комиссиянын кимдир-бирөөнү күнөөлүү деп атоо укугу жок. Андыктан мындай башаламан камоолордун арты жакшылык менен бүтпөйт. Баары укуктук талаада, мыйзам чегинде адилет чечилүүсү кажет!», - деп белгиледи журналист Бейшенбеков.

Белгилей кетсек, бүгүн, 3-августта мурдагы министр Темир Сариев «Кумтөр иши» боюнча кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирген.

Эске салсак, Темир Сариев 2011-2015-жылдары экономика министри болуп иштеген. 2012-жылы Кумтөр алтын кенин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлүп аны учурдагы президент Садыр Жапаров жетектеген. Жогорку Кеңеш депутаттык комиссиянын корутундусун кабыл албай, мамлекеттик комиссия түзгөн. Ал комиссияны ошол кездеги экономика министри Темир Сариев жетектеген.

Темир Сариев 2015-2016-жылдары премьер-министр болгон. 2009-жылы жана 2017-жылы президенттик шайлоого катышкан.

Атайын кызмат «Кумтөр иши» боюнча кылмыш ишин козгоп, бир топ азыркы жана мурдагы чиновниктер камакка алынган. 2-августта сурак берүү үчүн Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Кыргызстанга келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости