www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбеков Токио Олимпиадасында коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүн сактап калды.
Ал бүгүн, 3-августта грек-рик күрөшү боюнча 87 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашып баштаган.
Азисбеков биринчи беттешин дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турган венгриялык Виктор Лоринцге каршы өткөрдү. Анын жыйынтыгында венгриялык спортчуга 6:1 эсебинде жеңилип калды.
Лоринц кийинки беттеште немис балбанын жеңип, жарым финалда египеттикти жеңип финалга чыкты.
Мунун аркасында Азисбеков коло үчүн мелдешке катышууга мүмкүнчүлүк алды. Ал 4-августта жубатуучу беттештин биринчи раундунда германиялык Денис Максимилиан Кудла менен беттешет.
Булак: NazarNews.kg