www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын Вахан коридоруна, кыргыздарга саясаты өзгөрүп кетиши мүмкүн. Мындай пикирди Памир кыргыздарын көп жылдан бери изилдеп жүргөн профессор, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов айтты.

--"Ооганстандын саясаты Вахан коридоруна, кыргыздарга эч качан жаман болгон эмес. Кыргыздардын депутат өкүлдөрү бар. Кыргыздарга жакшы мамиле жасап, өз алдынчалыгын сактап, ошол жерде турушун ооган өкмөтү дайыма каалап келген. Азыр эми саясат өзгөрөт, АКШ күчтөрү чыгып кетти, башка күчтөр келип жатат. Саясат өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бирок ошол саясатты туура жолго өзгөртүүгө биз дагы аракет кылышыбыз керек да. Биздин дагы эл аралык байланыштарды түзгөн адистерибиз бар. Ошолор иштеши керек.

Аларды көчүрүп келүү дөдөйлүк деп эле айтам. Бул чоң геосаясат. Ал жер чоң күчтөрдүн кагылышкан жери. Ошол жерде кыргыздар турса, сактап калсак. Ооган бийлиги эч качан ошол жердеги кыргыздарга каршы болгон эмес. Алардын медицина тармагын, билим берүү тармагын калыбына келтирсе болот", - дейт тарыхчы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости