www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядагы кыргыздар "Памирге кете албадык" деп арманкылып ырдашат. Мындай пикирди Памир кыргыздарын көп жылдан бери изилдеп жүргөн профессор, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов айтты.

--"Вахан коридору-кыргыздын жери, ата журту. Бир жер Ооганстанга карап калса эле, кыргыздын жери болбой калды дегендер чыгууда. Ал жердин шарты катаал деп дөдүрөшөт. Ал Памир! Туура, адаптация болуш керек.

Мен барып келгем, ал жер бейиш. Ал эмес Түндүк Муз океанына барып, маданият жаратып жатышпайбы. Мына, Финляндиянын шарты кандай, Норвегия шумдук жерби? Ошолор муздун арасында жашап жатып деле маданият жаратып, ата журтубуз деп кетпей олтурушат го.

Памирликтер өздөрү бул жерди бейиш деп, азыр Түркиядагы кыргыздар арман ырларын ырдашат. "Памирге кете албадык" деген арман ырлары өтө көп, мен ошолорду жыйнагам. Ошолорду келгиле деп үгүттөгөн чыккынчылык.

Ошол жерди кыргыздар ээлеп турушу керек. Ошол жерди, эко-системаны колунда кармап турган эл – дүйнөгө таасир эткен эл болот. Себеби, экология бузулуп жатат. Ал жердин абасы, суусу баалуу. Бүткүл дүйнөдөгү державалар Вахан коридорунда кагышат.

Анан кантип ошол ата журтуң болгон жерди таштап баса бересиң. Бул жактан дагы аларды көчүрүп келиш керек дешет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости