www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токио: Олимп айылынан коронавирус аныкталды

18-июлда Токидогу Олимп оюндарынын уюштуруучулары дагы он адамдан коронавирус аныкталганын маалымдашты. Маалыматка караганда, алар негизинен уюштуруу жана башка иштер менен алектенгендер. 17-июлда үч спортчудан коронавирус табылган, алардын экөө Олимп айылында жашайт. Экөө тең айылдан чыгарылып, обочолонгон. Булардан тышкары дагы бир журналисттен жана оюнду уюштурууга катышкан алты кишиден вирус аныкталган.

Июль айынын башынан бери Олимп оюндарына катыша турган 55 адамдан коронавирус табылган.

Жапон элинин бир бөлүгү Токиодо Олимп оюндарын өткөрүүгө каршылыгын билдирип жатышат. Буга байланыштуу петицияны 450 миң жаран колдогон.
Токиодо Олимп оюндары былтыр, 2020-жылы өтүшү керек эле. Пандемиядан улам быйылкыга жылдырылган.

Мелдештердин ачылышы 23-июлда болот. Ага көрүүчүлөр киргизилбейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости