www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европада суу ташкындан каза болгондор 183 адамга жетти

Европадагы суу ташкындын кесепетинен өлгөн адамдардын саны 183кө жеткени кабарланды. Ондогон адамдар дайынсыз. Булардын ичинен кеминде 156 адам Германияда катталды. Баварияда 17-июлдан 18ине караган түнкү нөшөрдө дагы бир адам өлгөнү маалым болду. Белгияда 27 адам көз жумган. Дайынсыз жоголгондор да бар. Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда. Куткаруу иштерине атайын техникадан тышкары полиция, аскер кызматкерлери жана жергиликтүү элден жүздөгөн ыктыярчылар тартылган.

Европанын батышындагы бир нече мамлекетте эки-үч күн катары менен тынбай жааган жамгырдан улам дарыялар нугунан ашып, калктуу конуштарды каптады. Жолдор бузулуп, айрым аймактарга каттамдар токтоду. Интернет жана мобилдик байланыш үзүлгөн.

Суу ташкындан негизинен Германия, Бельгия, Нидерланддар жана Люксембург жабыркады. Суу Швейцария, Австрия жана Чехиянын айрым бөлүктөрүнө чейин жетти. Австриянын канцлери Себастьян Курц "Тилекке каршы жамгыр Австриянын бир нече жерин кыйратып кетти" деп "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Немис канцлери Ангела Меркел 18-июлда Шульд шаарындагы ташкындан аман калгандарга жолугушканы барат.

Ташкындан улам үзгүлтүккө учураган Германия менен Чехиянын темир жол каттамын калыбына келтирүү аракети көрүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости