www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Памирдеги кыргыздары Кыргызстанга барсак, жыргайбыз деп ойлошот. Бул тууралуу Памир кыргыздарын көп жылдан бери изилдеп жүргөн профессор, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов билдирди. 

--"Памир кыргыздары Вахан коридорун өздөштүрүп, адам жашай турган абалга биринчи жолу алып келген эл – ошол жерде жашаган кыргыз уруулары. Тарыхый мекени бул жакта, ал жакка кийин барган деп карабашыбыз керек.

Памир кыргыздарынын ата мекени ушул жер. Өздөрү бул жерди куттуу жер деп эсептешет. Алардын айрымдары "алып кетсин" деген ой менен ар кандай пикирлерди айта бериши мүмкүн.

Кыргызстанга барсак, жыргайбыз деп ойлогону бар. Ачык айтыш керек, "ал жакта кыздар көп экен, барсак экиден-үчтөн үйлөнөбүз” деп ойлоп алгандар бар. Мен сүйлөшөм да алар менен. Көбүнчө кызыгуу, аларга кызык көрүнөт да. Ошондуктан “алып кетпейби бизди", "шаарга барбайбызбы" деп ойлошот.

Чын-чынына келгенде алар ошол жерде маданият жаратышкан, салтын түзгөн, материалдык жана рухий маданиятын негиздеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости