www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча кабыл алынган протоколдорду жокко чыгаруу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, соңку жылдардагы протоколдор тажик тараптын басымы жана коркутуулары менен кабыл алынган.

«Аскердик агрессия менен ачыктан ачык коркутуу. 39-протоколго да, 42-протоколго да кол коюу мажбурлоо алдында болгон. Аскердик агрессия жана кадимки кеңири согуш коркунучу менен койдурду. Агрессиясын дүйнө алдында ачык эле айтып жатат.

Ошондуктан, мен алардын бул протоколдорду шылтоо кылып, чагым жасап жатышканын териштирели, комиссия түзүп, системага салалы жана ал протоколдорду толук бойдон жокко чыгарып салышыбыз керек деп сунуш кылам.

Себеби аларга кол коюлганы менен эч кандай процедуралык жолду өткөн эмес, ратификация болгон эмес», - деди депутат.

Айжигитов ошондой эле, Кыргызстан тарапка агрессия кылууга шылтоо болуп жаткан протоколдор онго жакын экенин кошумчалады

Эске салсак, 25-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги «Кызыл-Бел» бекетинде Тажикстандын УКМК жетекчиси Саймумин Ятимов менен жолугуп, жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол койгон.

Анда эки тараптан үчтөн постту жана бирден заставаны алып салуу макулдашылган. Кыргыз тараптан «Булак-Башы», «Ак-Сай», «Катта-Туз» посттору жана «Тамдык» заставасы жоюлду.

Ал эми 26-сентябрда УКМК Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары кол койгон протокол чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганга чейин убактылуу экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости