www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын милдетин аткарып жаткан Элизабет Кеннеди Трюдо Кыргызстанга келет. Бул тууралуу АКШнын ТИМинин сайтында жазылган.
Маалым болгондой, Трюдо Кыргызстандан тышкары Непал, Бириккен Араб Эмирлиги жана Өзбекстанды кыдырат.
Анын турнеси 28-сентябрда башталып 12 күнгө созулмакчы.
"Аткаминер Кыргызстандан ЖМК өкүлдөрү, уюмдар жана социалдык тармактын активдүү колдонуучулары менен жолугуп, сөз эркиндиги боюнча маселелерди талкуулайт", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, ал Кыргызстан өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү менен да жолугушаары белгилүү болду.
"Сөзсүз түрдө бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү менен кезигип, зордук-зомбулук, гендердик теңсиздик темаларына токтолот", — деп жазылат маалыматта.
Анын ЖМК өкүлдөрүнө маек берери да кошумчаланды.
Булак: NazarNews.kg