www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рахмон деген кылмышкер өз бийлигин жана өзүнүн жүргүзгөн нарко бизнесин сакташ үчүн бизге өздөрүнүн талабын мамлекеттин талабы деп коюп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

- Марлен мырза, чек арага тынчтык орнотуш үчүн 4 заставаны алып туура кылдык дегендер да бар. Ошол эле мезгилде стратегиялык жерлерибизди алдырып жатабыз деп коңгуроо каккандар да бар. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

- Заставаларды алуу албетте, көп суроолорду жаратууда. Көп нерсе тилекке каршы, мамлекеттик сыр болуп турат. Ошон үчүн айта албай жатам. Биз билбеген дагы сырлар бар. Болбосо жөн эле 4 заставаны ачууга макул болгудай жетекчилердин эки башы жок да.

Негизи эле заставаларды алуу бул бизге караганда тажиктерге пайдалуу. Анткени, биз алардан жер жемиштен башка эч нерсе албайбыз. Тескерисинче, алар күйүүчү майдан баштап, азык-түлүк, курулуш материалдарына чейин биз аркылуу алып өтүшөт.

Менимче, маселенин баары бандит Шохто. Убагында Рахмондун кабинетине чейин кирип барып атып кеткен. Рахмон өлбөй калгандан кийин айла жок кайра ал менен дос болуп, кийин чогуу жумуш кылып баштаган. 

Өзгөчө Шох баңгизаттарды көзөмөлдөйт. Ал жеке кызыкчылыгын бийик коюп, өзүнүн бийлигине ультиматум коюп ошол каналды эмне болбосун ачып бересиңер деген го. Анткени президенти, чек ара жетекчиси токтоткула десе да токтобой жана сырттан келген боевиктери менен аткылаганы да да ушул жагдайдан улам окшойт деген ойдо калдым.

Рахмон деген кылмышкер өз бийлигин жана өзүнүн жүргүзгөн нарко бизнесин сакташ үчүн ошол талаптарга барып, бизге өздөрүнүн талабын мамлекеттин талабы деп коюп, ушул заставалардын айынан эл кыйналып жатат. Ушул заставлар үчүн ар дайым чатак чыгып жатат деп, бизди ынандырган окшойт. Негизи бул калптын артында Шохтун логистикасы турат. Аны тажик эли билиш керек, кууп чыгыш керек андайларын.

Мен биздин жоокерлерге терең таазим этем жана каза болгондорунун жакындарына көңүл айтам. Элим-жерим, мекеним деп өз жандарын аябай шейит кетишти. Ишенем бүгүн болбосо эртең баары бир жеңиш бизде болот. Мүмкүн бул протокол эки кадам алдыга жылыш үчүн бир кадам артка ташталгандыр.

Бирок, бул протокол боюнча Баткен элине түшүндүрмө бериш керек. Себеби, мага дагы бир ой, согуш же тынчтык болот деген сөздүн ортосунда турган айла жок протокол болгондой сезилип жатат

Эске салсак, 25-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги «Кызыл-Бел» бекетинде Тажикстандын УКМК жетекчиси Саймумин Ятимов менен жолугуп, жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол койгон.

Анда эки тараптан үчтөн постту жана бирден заставаны алып салуу макулдашылган. Кыргыз тараптан «Булак-Башы», «Ак-Сай», «Катта-Туз» посттору жана «Тамдык» заставасы жоюлду.

Ал эми 26-сентябрда УКМК Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары кол койгон протокол чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганга чейин убактылуу экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости