www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Султанбай Абдрашитович, Баткенге бөлүнгөн акчадан бизнес жасап жатышат дедиңиз. Мындай тыянак чыгарууңузга эмне негиз бар?

- Мен тажиктер талкалап салган Капчыгай айылынын эле мисалында айтайын. Айылды кайра калыбына келтирүүгө акча бөлүнгөн. Андан тышкары, подрядчы да аныкталган. Бирок, подрядчик субподрядчикти алып атат. Субподрядчик дагы бир субподрядчик алып, алардын ортосунда соода жүрүүдө. Ошонун кесепетинен даяр акча иштетилбей турат. Алар соодалашып отуруп, иш калып калып атат. Ошол да бизнес. Алардын максаты кайра калыбына келтирүү эмес, акчаны өздөштүрүү.

- Жөнөкөй кырдаал болгондо мейли эле, бирок азыркыдай шартта, жүздөгөн үй-бүлөлөр үй-жайсыз турганда андайга жол берилбеши керек го?

- Албетте. Мүмкүнчүлүгүң барбы, каражатты алгын дагы, жумушту жаса. Мүмкүнчүлүгүң жокпу, анда аралашпай эле кой. Бул жерде баары аффилированный болуп жатат да. Мен “бизнес” деп айтып койдум, калганын өздөрү билет. Мен жөн эле сүйлөбөйм да. Чындап изилдеп келгенде баары бир ошого келет...

Булак: Азия News гезити

Последние новости