www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Темирлан Султанбеков туулган күнүнүн алдында президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Кайрылуу 10-сентябрда СИЗО-1ден жазылган.

Султанбеков кайрылуусунда президенттен ырайым сурабай турганын белгилеп, ага карата жана командасынын мүчөлөрүнө болгон куугунтук тууралуу жазган. Анын айтымында, президенттин бийлиги учурунда өзү 1 жыл 10 ай үй камагында, 7 ай пробациялык көзөмөлдө жана 1 жыл 3 ай СИЗОдо болгон.

Ошондой эле саясатчы жакындарына да басым болгонун айтып, туугандары мамлекеттик кызматтан бошотулганын, ал эми 12 жаштагы инисинин телефону менен планшети милиция кызматкерлери тарабынан алынганын билдирген.

Султанбеков президенттен өзүнө карата козголгон кылмыш иши боюнча сот процессин ачык өткөрүүнү өтүндү.

«Мага каалаганча жаза бере берсеңиз болот, 20 жыл болобу, өмүр бою болобу — мен ага кайдыгермин, бирок ачык сот өткөрүңүз. Эл уксун, эл көрсүн, эл талдасын, эл билсин», — деп жазган ал.

Саясатчы кайрылуусунда өзүнө жана башка адамдарга карата козголгон кылмыш ишин Франц Кафканын «Процесс» чыгармасына салыштырып, демократияга жана чындыкка ишенерин белгилеген.

Кайрылуунун аягында Султанбеков президентке ийгилик, ал эми Кыргызстан элине бакыт-таалай жана өнүгүү каалады.

Последние новости