www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров Баткенде эл жык-жыйма толгон стадиондо жолугушуу өткөргөнүн медицина адистери сындап жатышат. Медицина тармагы боюнча адис Айбар Султангазиев муну коронавируска байланыштуу жарыяланган өзгөчө абал режимин бузуу катары баалады.
Ал “Азаттыкка” курган маегинде “Бир жагынан Саламаттык сактоо министрлиги элдин топтолушуна тыюу салып, той өткөрбөгүлө деп айтып жатса, экинчи жагынан биздин чоңдор элди чогултуп жатканы абдан туура эмес” деп билдирди.
Президенттик аппарат мындай айыптоолорго жооп кайтарды.
Жапаровдун кеңешчиси Дастан Дүйшөкеев “Азаттыкка” маалымат берип, бул аймакта жылдап каралбай жаткан маселелер бар экенин, эл аларды тез арада чечүүнү талап кылып жатканын, президенттин милдетин аткаруучу жолугушууга келгендердин арыз-муңун угуу үчүн барганын, чек ара көйгөйү коронавирус сыяктуу эле курч маселе экенин айтты. Ошону менен катар ал стадиондо чогулган эл бардык суроолоруна так жооп алганын, кире бериште ар бирине бекер беткап таратылып, дезинфекциялоочу каражат менен камсыз болушканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Баткендеги Жапаров менен жолугушуу өткөн борбордук стадиондо 2 миң кишилик орун бар. Кечээ ал жерде бош орун калбай, эл топтолгонун иш-чарадан тартылган сүрөттөрдөн көрүүгө болот.
Эске салсак, соңку күндөрү Кыргызстанда коронавирус кайра күчөп, абал көбүнчө Баткен облусунда оор экени расмий айтылган.