www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жуманын ичинде мурдагы "Ганси" авиабазасындагы "Семетей" госпиталы COVID-19 жана пневмония менен ооругандарды кабыл алууга толук даяр болот. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жолугушуп, коронавируска чалдыккандарды кабыл алууга даярдык көрүү маселесин талкуулашты. 

"Текшерүүнүн жүрүшүндө, лабораториядан тышкары госпиталь толугу менен даяр экендиги аныкталды. Жандандыруу бөлүмүндө 35 орун, дарылоо бөлүмүндө 250 орун бар. Муктаждык жаралса керебеттердин саны көбөйтүлөт", — деп айтылат маалыматта.

4-ноябрдан баштап керектүү техникаларды жана медициналык жабдууларды орнотуу иштери башталары белгиленди. 

 

Булак: NazarNews.kg


 

 

Последние новости