www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Албек Ибраимов кантип качып чыгышты ойлоп жатканда капыстан бийлик тукулжурап, аны сыртка чыгарып ийип жатпайбы. “Таппасаң сыйпалап кал”  деп элдин бары саясатка жулунуп жатса “Атакесинин” таразачысы “зыйт” койду эле, сыйпалап таппай калышты.  2010-жылы бийлик алмашкан соң  “Дастан Инжинирингди” украиналык Сергей Шумов менен “Дастан” негиздеп, келишим түзүшөт. Келишимдин наркы 320 миң доллар болгон. 2011-жылы мартта Шумов менен Албек Ибраимов жолугушат. 2012-жылы “Дастанды” чимирип турган  Албек Ибраимов кайрадан “Дастан Инжиниринг” менен келишимге кол койот. Келишимдеги каражат алардын эсебине которулган учурда Шумов шумпай“Дастан Инжинирингдин” директору Асылкүл Сасыбаевага Албек Ибраимовго 250 миң доллар берип кой деп көрсөтмө берет. Шумов бул бериле турган параны 150 миң доллары сыйлыкка кетет, калганы кандайдыр бир көйгөйдү чечүү үчүн берилет деп, 2012-жылы 23-апрелде бул параны бериш үчүн Сасыбаеваны жөнөтөт. Сасыбаева  Албек Ибраимовго кирип, Шумов берип жиберген 250 миң доллар бар дейт. Албек Ибраимов бул параны эч кимге шекшитпей столго сумканы кантип койорду айтат. Сасыбаева айтканын кылат, Албек Ибраимовго 250 миң долларды берип жатканда эч кандай кол кат да албайт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости