www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жумушсуз калбайт. Бул тууралуу ал кечээ, 2-ноябрда Баткенде калк менен жолугушуу учурунда билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуу учурунда тургундардын бири Улукбек Кочкоров өзүн министр катары жакшы көрсөткөнү менен, эмне үчүн жумушсуз калды деп сурады.

“Улукбек Кочкоров өзүнүн билими жана профили боюнча УКМКда иштеши керек болчу. Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алып барып, анын ордуна аял кишини дайындоо боюнча пландарыбыз бар эле. Бирок анын ордуна сунушталган аял парламенттен өтпөй калды. Бүгүнкү күндө Улукбек Кочкоров иштеп жатат. Анын жумушсуз калышын каалабайбыз, бизге ушундай кадрлар керек. Мен аны менен жаман мамилем жок, тескерисинче, 2010-жылы биз “Ата-Журт” партиясынан шайлоого чогуу барганбыз. Ал жумушсуз калбайт”, – деди Садыр Жапаров.

Ошол эле учурда Садыр Жапаров азыркы учурда Кочкуоровдун кайсыл кызматта иштеп жатканын ачык айткан жок.

Эске салсак, Улукбек Кочкоров 2018-жылы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин жетектеген. 27-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы берилген арызга ылайык министрдин кызматынан бошотулганын жарыялаган.

Бирок кийинчерээк Улукбек Кочкоров кызматтан кетүү тууралуу арыз жазбагандыгын, мындай маалымат тууралуу социалдык тармактардан билгенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости