www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кызматын тапшырганы жөнүндө кабарсыз болгонун билдирди. Бул тууралуу ал кечээ, 29-октябрда Кочкоров "Фейсбуктагы" баракчасына видео кайрылуу таратып, акыркы кырдаал боюнча өзүнүн жеке пикири менен бөлүшкөн:

“Менин өз каалоом, арызым менен жумуштан кеткеним жөнүндө сиздер сыяктуу эле мен да Интернеттен билдим. Бул - трагедия эмес. Мени өкүндүрүп, ойлондурганы Кыргызстандын бүгүнкү абалы. Тилекке каршы, бүгүн Кыргызстан саясий, экономикалык, калктын жашоо деңгээли боюнча чоң коркунучта, туңгуюкка келди” - деди Кочкоров.

Ал өлкөдөгү айлык акы, жөлөкпулдарды көбөйтүү боюнча программа иштеп чыкканы менен мурдагы жана жаңы келген бийлик көңүл бурбаганын кошумчалаган.

Ошондой эле Кочкоров өз тарапкерлерин дал ушул программанын айланасында биригүүгө чакырган.

Белгилей кетсек, Кочкоровдун өз каалоосу менен кызматтан кеткени ушул апта башында жарыяланган. Анын ордуна Кочкоров менен кошо вице-премьер-министрлик кызматын тапшырган Аида Исмаилова көрсөтүлүп, бирок парламент аны колдогон эмес.

Эске салсак, “Жаңы доор” саясий партиясынын лидери Улукбек Кочкоров министрлик кызматка 2018-жылы октябрда дайындалган. Ал быйыл октябрдагы парламенттик шайлоого бийликчил “Биримдик” партиясынын тизмесинде катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости