www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Казакстандан да жардам сурады

Өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нур-Султанга болгон иш сапарынын алкагында Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы Казакбаевди тышкы саясат мекемесинин жетекчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде КРдин ТИМ башчысы президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун атынан салам айтты.

"Ошондой эле ал Кыргызстандагы кырдаал турукташып баштаганын, саясий процесстердин укуктук талаага кайтып келе жатканын айткан. Кыргыз тарап өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин жана буга чейин кол коюлган бардык эки жана көп тараптуу эл аралык келишимдердин так аткарылышын камсыздай турганына ишендирди. Мындан тышкары, өкмөт өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, казак инвестицияларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрөрүн билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорт, логистика жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

Тараптар өзгөчө көңүлдү COVID-19 пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүү маселелерине бурушту.

"Министр Казакбаев казак тарапты өлкөнү дары-дармек жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн сураган. Ошондой эле Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен өлкөнүн бюджетин колдоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн каржылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү", — деп айтылат билдирмеде.

Жолугушуунун аягында жакынкы аралыкта эки тараптуу жолугушууларды жогорку деңгээлде өткөрүүнү макулдашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости