www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда абдан популярдуу болуп жаткан “Сулуу жана Желмогуз” аттуу тасма үстүбүздөгү жылдын 16-март күнү расмий түрдө бир катар мамлекеттерде прокатка чыккан. Бирок, бул тасма коңшу Казакстанда прокатка чыккан жок. Себеби, кинотеатрлар бул тасманы прокатка чыгара турган күбөлүккө ээ болушкан эмес. Бул күбөлүк КР Маданият жана спорт министрлигине тийиштүү болгон. Ведомстводогулар да бул тасмага тийиштүү эч кандай чечим кабыл алынбагандыктан эч кимге кубөлүк берилбей турганын билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин Орто Азия мамлекеттеринде бул тасмага тийиштүү бир катар чечилбеген маселелер жаралган. Ал эми учурда Кыргызстанда “Сулуу жана Желмогуз” үчүн кинотеатрлар көрүүчүлөргө толуп жаткан маалы. 

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости