www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, окуу жайларынын, облустук ИИББдердин, ИИБдердин, райондук бөлүмдөрдүн башчыларынан күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын жаңы кодекстерин (Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодекси, жоруктар жөнүндөгү кодекси, жазык-процессуалдык кодекси, жазык аткаруу кодекси, бузуулар жөнүндөгу кодекси), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын  билүүлөрү боюнча окуу өттү.

Аталган иш-чара  “Шумкар” АБПнын плацында кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилеринин сапка тизилүүсү менен башталды. Саптык кароону өткөрүүнүн максаты-өздүк курамдын үлгүлүү сырткы көрүнүшүн, бирдиктүү иш-аракеттеринин ырааттылуугун колдоо. Саптык кароону  ички иштер министри, милициянын генерал-майору  Кашкар Джунушалиев,  министрдин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков өткөрдү.

Саптык кароо учурунда өздүк курамдын формалык кийимди туура кийүү эрежелерин, кызматтык документтерди жана каражаттарды текшерип, кызматкерлерге милиционердин сырткы көрүнүшү ар дайым тыкан болуп, жарандар менен сылык мамиледе, андан сырткары кызматтык милдеттерин  аткарууда сабаттуу жана тажрыйбалуу болууларын эскертти.

Атайын багыттагы полкунун милиционерлери Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкуна келген  жаңы жана перспективдүү жаңы жабдыктарын, байланышуу каражаттарын, жеке коргонуунун каражаттарын, тактико-техникалык мүнөздөгү жабдыктар менен тааныштырышты. Бүгүнкү  күнү Кыргыз Республикасынын  ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери  коргонуунун  атайын каражаттары менен камсыздалышкан. Бул нерсенин зарылдыгы катары алар өз милдеттерин аткарууда ар кандай кырдаалдарга туш болгондо өздөрүн коргошу керектиги эсептелинет. Мисалга алсак, имаратка жашынып алган куралданган кылмышкерди кармоодо кызматкердин коопсуздугу үчүн жогоруда аталган каражаттар керек болот. 

Ал эми, башка каражаттар бейбаштык көрүнүшкө бөгөт коюга керек. Массалык башаламандыкты токтотуу үчүн дагы ар кандай атайын каражаттарды колдонууну талап кылат.

Андан соң Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун кызматкерлеринин тиричилик шарттары менен таанышып чыкты. Окуунун башталашына чейин ички иштер министри Кашкар Джунушалиев менен Сүйүн Өмүрзаков кызматтардын жана аймактык бөлүмдөрдүн баардык жетекчилеринен өздөрү укукбузуулар менен жоруктар жөнүндөгү жаңы кодекстер боюнча зачетторду кабыл алышты. Зачетторду тапшыруу тестирлөө ыкчамсы менен эки топко бөлүнүү менен өтүштү.

Мындан кийин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жоруктар жөнүндөгү башкармалыгынын башчысы Бегалидин Пирманов, ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Памир Асанов, ИИМдин Укуктук камсыздоо жана Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Мирлан Карачалов Кыргыздстандагы жаңы кодекстер боюнча кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилери үчүн кошумча окутуу өтүштү. Андан сырткары аталган окууда талкууланды: жаңы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин, Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндөгү кодексинин, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндөгү кодексинин кылмыш укуктук-ченемдик актыларды реформалоонун концептуалдык негизи, соттук-укуктук реформанын чөйрөсүндөгү жаңы Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык кодексинин иштөө жаңычылдыгы, Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык кодексинин негизги жаңычылдыгы, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу кодексинин концепциясы жана ыкмасы, андан сырткары Кылмыштардын жана жоруктарды бирдиктүү реестри менен бузуулардын бирдиктүү реестри.

Мындан тышкары бузуулар жөнүндөгү кодекстин тапшырмалары, бузууларды кетиргендиги үчүн жоопкерчилик принциптери түшүндүрүлдү.

Бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо, бузуулардын субьектилери, жазалардын түрлөрү, алардын колдонуунун тартиби, бузууларды каттоонун жана аларды жасаган жактарды каттоонун тартиби боюнча маселелер өзүнчө каралды.

Андан соң Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев жетекчилерге кайрылып, “2019-жылдын 1-январынан баштап Кыргызстанда 5 жаңы кодекстер жана башка мыйзамдар иштей баштады. Аталган кылмыш-укуктук блоктогу мыйзамдар адам укугун коргоону камсыздай турган стратегиялык мүнөзгө ээ жана мамлекеттик тутумду, азыркы экономиканы жаштыртууда маанилүү ролду ойнойт.  Анткени жаңы мыйзамдарды кабыл алуу менен кылмыштык сот өндүрүштөрүн гуманизациялаштыруу, декриминализациялаштыруу, депенализациялаштыруу жүргүзүлдү, улуттук мыйзамдар адам укуктары, адилеттүүлүктүн жеткиликтүүлүгү чөйрөсүндө эл аралык стандарттарга жакындады. Эски укуктук тутумдан кетүүгө арналган. 

Ушуга байланыштуу  бөлүмдөрдүн жетекчилери катары сиздер өзүңөрдүн кол алдындагыларга үлгү болушуңар керек. Сиздер тестирлөө аркылуу зачет тапшырдыңыздар, араңарда кодексти билбеген башчылар жок эмес. Ошондуктан, орто деңгээлдеги тестирлөөдөн тапшырган баардык башчылар 15-февралда кайрадан тапшырасыңар. Эгерде ошондо өтпөй калгандар Кыргыз Республикасынын ИИОнун башчысына татыктуу эмессиңер. Биз 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген жаңы кодекстер укук коргоо органдарынын ишин жакшыртууга, калктын милицияга болгон ишенимин арттырууга,  укук коргоо чөйрөсүндөгү реформанын ишке ашырууга, өзгөчө укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн жарандын укугу менен эркиндигин жана коомдун кызыкчылыгын коргоого багытталган.

“Негизги максат- коомдук тартипти, жарандын жана коомчулуктун коопсуздугун камсыздоо тутумун күчөтүү. Жарандардын  конституциялык укугун, эркиндигин камсыздоо, Жеке адамдын, коомдун, мамлекеттик кызыкчылыгын коргоо, андан сырткары Кыргыз Республикасынын ички коопсуздугун камсыздоо тутумун жакшыртуу боюнча масштабтуу реформаны жүргүзүү максатына жетүүгө арналган мамлекеттик маанилүү обьекттерди коргоо, ички иштер органдарынын потенциалын жогорулатуу”-деп Кашкар Джунушалиев билдирди.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 1-январынан башкап  Кыргыз республикасынын жаңы кодекстери менен мыйзамдары күчүнө кирип, иштей баштаган.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости