www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кошок кошпой, өкүрбөй, мал сойбой, дароо көмө салуу кыргыздын салтында жок. Мындай пикирин жазуучу Абдымамбет Сариев бүгүн, 20-апрелде өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Маркумду кантип узатуу керек?
Кыргыз илгертен адам өлгөндө ашкере салтанат кылган эмес! Кыргыз өлгөн адамдын үй-бүлөсүн ысырапка учуратып ашкере ыгым-чыгым кылган эмес!
Мурдагы кыргыз маркум өлгөндө сөөк ээси аксакалдар менен кеңешип, социалдык абалына жараша, келген элдин санына жараша мал союп, эби менен иш кылган!
Аксакалдар колунда жок адам өлсө өз ара кеңешип, келе турган элдин санына жараша элден ыража чогултуп, мал союп, маркумдун үй-бүлөсүн чыгашага учуратпай жардам берип, Зыйнатын татыктуу өткөрүп маркумду узатышкан...
Кредит алып, карыз болуп сөөк узатуу кыргыздын салтында жок!
Кошок кошпой, өкүрбөй, мал сойбой, дароо көмө салуу кыргыздын салтында жок. Мындай жорук өлгөн адамдын сөөгүн кордоо, салтты бузуп, зыйнатты өткөрбөө, кыргызды арабдаштыруу болуп эсептелет!
Ашкере салтанат кылуу, адам өлгөндө конфеттерди, жер-жемиштерди, салаттарды ж.б. тамак-аштардын түрлөрүн жайнатып кою, жөнү жок ыгым-чыгымга баруу кыргыздын салтында жок.
ХХI кылымдын кыргыздары киши баласы өлгөндө дин аркылуу арабдашууну токтотуп, молдолорду элге кожоюндук кылдырбай эс-акылдарын жыйнап, айыл өкмөтү, айыл башчылар, маале башчылар, көчө башчылар, урук башчылар, аксакалдар, үй башчылар (домком), мектеп дирекциясы өз ара кеңешип, өлгөн адамдын үй бүлөсүнүн социалдык абалына жараша, келген элдин санына жараша кеңешип, ыража жыйнатып, ыгым-чыгымга, ысырапкерчиликке барбай, салтанат кылбай – эт, күрүч же кесме, шорподон, нандан башка нерселерди дасторконго койдурбай, үй ээлерин карызга батырбай, боз үй тиктирип, үн чыгартып өкүртүп, кошок коштуруп, мал сойдуруп Зыйнатын татыктуу өткөрүп, маркумду узатуулары учурдун талабы!
Муну салт дагы, мыйзам дагы көтөрөт!», - деп кошумчалаган Абдымамбет Сариев.
Булак: NazarNews.kg