www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-март күнү жаш таланттуу ырчы кыз Аяна Касымова өздүк майрамын белгилеп, “Сүрөтүңө” аттуу ырлар жыйнагынын бет ачаарын жасап, кыргыз шоу-бизнесинин көрүнүктүү өкүлдөрүн чакырып, борбор калаабыздагы ресторандардын биринде чоң майрам курду. Кечеге биз дагы күбө болуп кайтып, Аяна менен чакан маек куруп келдик.

- Аяна, 18 жаш ар бир өсүп келе жаткан жаш муун үчүн өтө жоопкерчиликти курак десек болот. Бул жашка чыгып, сен өзүңүздү кандай сезип жатасың?

- Ооба, туура жоопкерчиликтүү болуп калат экенсиң. Бирок, буга чейин деле үйдүн эң улуусу болгондуктан өзүмдү ар дайым эркин, өз алдынча сезчүмүн. 6 жашымдан тарта ар кандай курстарга ата-энемсиз өзүм эле барчумун.

- Буга чейин туулган күнүңдү кандай өткөрчү элең?

- 18 жашка чыкканга чейин бир дагы жолу туулган күнүмдү өткөрүп көргөн эмесмин. Туулган күнүм болгондо көбүнчө үйдө эле олтураар элем. Өзүм каалаган таттууларды, белектерди сатып алып үйдө кино көрүп эле өткөрчүмүн. Бүгүн, биринчи жолу туулган күнүмдү конокторду чакырып өткөрүп жатам.

- Туулган күнүңдө алган өзгөчө белектериң барбы?

- Чынын айтсам, жок. Эсимде деле калга турган белек алып көрө элекмин. Мага эң башкысы ким белек тартуулабасын ага чын дилимден ыраазы болуп алам.

- Бүгүн, туулган күнүңдү эле өткөрстөн, өзүңдүн ырлар жыйнагыңдын бет ачаарын да жасап жатасың. Ырлар жыйнагың кандай ырлардан турат? Эмнеге аталышын “Сүрөтүңө” деген ыр менен атап алдың?

- Баарыбыз эле “Бир ок менен эки коёнду атканды жактырсак керек”. Менин маанилүү күнүмдө эки иш чараны жасап коюууну туура көрдүк. Ырлар жыйнагымда өзүм жеке аткарган он ыр бар. Көпчүлүгү жаңы эч ким уга элек ырлар. Эмнеге “Сүрөтүңө?” Анткени, “Сүрөтүңө” деген ырдан кийин менде баары башталган. 

- Ырлар жыйнагыңды издегендер кайдан тапса болот?

- Азырынча белгисиз. Коомчулукка жайылтуунун дагы бир жолун алдыда тапсак керек. Буюрса, кайсы бир дүкөндөрдүн биринде сатылат деген ойлор бар.

- Ырчылардын ырлар жыйнагын чыгаруу Кыргызстанда чанда кездешет. Бул иш сенин канча убактыңды алды?

- Ырлар жыйнакты 3 жыл ичинде чогултуп, даярдадым. Ыр жазыш аябай кыйын, түйшүктүү иш. Атам күнү-түнү уктабай мага ыр жазып олтурган күндөрүн сөзсүз эстейм. Буга чейин да чет мамлекеттен келген коноктор “Бүт ырларын камтылган ырлар жыйнагың барбы? Дискиң болсо деле болот” деп суранып калышса, “Диским жок” деп өзүмдү ыңгайсыз сезип калчумун. Бул кырдалдан чыгуунун жолу да  чечилди. Ырлар жыйнагын чыгарууну көп жылдан бери кыялданып келген. Буюрса, бет ачаарын жасап абдан кубанып.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости