www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ажал улук, ажал бийик экен. Кайдан келсек, кайрадан кайтып барчу күн дагы келет экен. Кечээ, 45 жыл бирге түтүн булатып, уул-неберелерибизди тарбиялаган жубайым Мамбеталиева Гүлмира Сулаймановнаны акыркы сапарга узаттык. Алгачкы махабатым болгон Гүлмира мен үчүн ɵмүрлүк жар эле эмес, бардык тармакта кеңешчим, жан жолдошум эле. 17 жашымдан баштап бирге ɵткɵргɵн студенттик күндɵрүбүз, баш кошуп үй бүлɵ куруу жана канчалаган коомдук иштерге чейин бир баскан жолдорубуз түбɵлүк эсте калды. Сүйүктүү жарым Гүлмира үй-бүлɵ, илим-билим жана маданиятта кылган иштеринин үзүрүн кɵрчү убакта бизден айрылып кетти. 
Асылым түбɵлүк жашооң жайлуу, топурагын торко болсун! Сенин элесиң биздин жүрɵгүбүздɵ түбɵлүк жашай берет. 
Өмүрлүк жубайым Гүлмиранын мезгилсиз дүйнɵдɵн кайтканына байланыштуу биздин кайгыны тең бɵлүшкɵн ага-тууган, дос-тааныш, кесиптеш, жакын-санаалаш жана бардык мекендештерибизге терең ыраазычылык билдиребиз. Бардыгыңыздарга аманчылык, ден соолук жана бакубатчылык тилейбиз, деген пикирин белгилүү ишкер Аскар Салымбеков өзүнүн эскерүүсүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости