www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Жылдыз Аманбековна учурда социалдык тармакта Сиз жөнүндө каттуу талкуу болуп жатат. Дегеле чырдын башы кайдан чыкты?
- “Алиби” гезитине мен тууралуу маалымат чыгыптыр деп Өкмөттүн отчетун алып жаткан бирөөлөрдөн угуп калдым. Мага жеткен маалыматтарга караганда, «КСДПнын депутаты Жылдыз Мусабекова Тоң районунун акими Улан Эсенгул уулунун “крышасы” экен, аким аны коноктоп 10 миң доллар берген”, деген маалыматтар бар экен. Мен анчалык чоң суммада 10 миң доллар эмес, 10 тыйында алган эмесмин. Тоң районуна менин эч кандай тийешем жок. Мен Жогорку Кеңешке Тоңдон эмес, Ат-Башыдан депутат болуп келгенмин.
Болгону мага 2-3 ай мурун депутат Данияр Аттокуров, “бир аял менен жолуктурайын, кабыл алып сүйлөшүп койбойсузбу? –деди. Анын өтүнүчү менен орто мектептин мугалими Рита Исмаилова менен жолуктум. Мага келгенде аябай ыйлап, бүт баарын жамандап арманын айтты. Мен ага эч кандай жаман айтпай чай берип, жашын аарчып жөнөткөнмүн. Ошол эле заматта жардамчым аркылуу алдында бардык жергиликтүү бийликтегилерди таптырганымда, алардын баары бул эжеге терс пикирин айтты.
Жанымда көптөгөн атактуу адамдар, Меңди Мамазаирова, Абибилла Пазыловдор бар болчу. Мага жеткен маалыматтар боюнча жергиликтүү тургундар бул аялды, ар кимдин үстүнөн арыз жазып эле жүрөт”, деген пикирлерди айтышууда. Ал тургай Рита Исмаилова мага арыздарын таштап кеткен, баары турат. Мени, “10 миң доллар алган”, деп каралаганы үчүн макаланы жазган журналисти дагы Рита Исмаилованы дагы сотко берейин деп атам. Менден бир ооз сурап койсо болмок.
"Аким менен чай ичип", - деп айтыптыр. Ооба, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарына атайын эл-аралык уюмдар аркылуу иш-чара менен барганда,Тоң районунун акими менен чай ичкенбиз, анын үйүнө барып чай ичкен эмесмин", - деген пикирин билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова.
Булак: NazarNews.kg