www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Өлкөнүн мугалимдерине, эртеңки келечек ээлерине шарт түзүү – биздин милдетибиз", - деп баса белгиледи билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Чүйдөгү жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга арналган жатак мектепте уюштурулган “Менин ийгиликтүү келечегим” аттуу иш-чарада.

Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, аталган иш-чара окуучулардын социалдашуусуна арналган. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова жана өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдер да катышты.

Иш-чаранын алкагында чыгармачылык аянтчалары уюштурулуп, кол өнөрчүлүк буюмдары жана башка балдардын чыгармачыл эмгектери көргөзмөгө коюлду.

Ошондой эле иш-чарада тигүү цехинин расмий ачылышы болуп, коноктор “Чебер колдор” ийриминин окуучулары жана алардын иштери менен таанышышты.

Министр Алмазбек Бейшеналиев жатак мектептеги балдарга билим берип, алардын келечеги үчүн кам көрүп жаткан мугалимдер жамаатына ыраазычылык билдирип: “Өлкөнүн мугалимдерине, эртеңки келечек ээлерине шарт түзүү – биздин милдетибиз”, - деди.

Ошондой эле, министр мугалимдер менен балдарды келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Учурда демөөрчүлөрдүн жардамы менен жаңы мончо куруу мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Ошондой эле, лимон өстүрүү үчүн күнөскана курууну жана жетим балдарга турмуштук көндүмдөрдү сиңирүү боюнча окуу өнөрканаларын түзүүнү пландап жатабыз”, - деди жатак мектептин директору Назгүл Мусаева өз сөзүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости