www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Республикасы жана Кыргыз Республикасы ортосундагы өнөр-жай кооперациясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Практикалык чаралардын («Жол картасы») алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги тарабынан өзбек тарапка тогуз инвестициялык долбоорлор концепциясы сунушталды. Тизмеге багбанчылык, балык чарбасы, өндүрүш жана этти жана жүгөрүнү кайра иштетүү, соода-логистикалык борборду куруу боюнча долбоорлор киргизилген. 

Ошондой эле «Жол картасы» алкагында эки өлкөнүн тармактык министрликтери тарабынан тамеки, мөмө-жемиш өндүрүшү, мал чарбачылыгы, багбанчылык, бал аарычылык тармагындагы кластердик мамиле боюнча беш долбоордук концепция кароого киргизилген. Аталган долбоорлордун концепциясы айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспортту камтыйт. Бардык долбоорлор колдогу мамлекеттик жана /же жеке капиталдын базасында түзүлгөн.

Белгилей кетсек, өзбек тарапка сунушталган аталган долбоорлор экономикалык максатка ылайыктуулугу боюнча тараптардын макулдашуусунан соң, кыргыз-өзбек инвестициялык фондунун талаптарына жараша кайрадан таризделет. Учурда аталган фонд тараптан каржылоо механизмдери жана шарттары тараптар аркылуу макулдашылууда.

Эскертсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 11-12-мартындагы Өзбекстан Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жана Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлиги айыл-чарба жана азык-түлүк камсыздоо жаатындагы кызматташтык боюнча Практикалык чаралардын планына («Жол картасы») кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости