www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ала-Арча» мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүндө коррупциялык фактылар аныкталды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, УКМК коррупциялык фактыларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмүндөгү («Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу») кылмыш белгилери боюнча Кылмыштарын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, КР президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармасына караштуу «Ала-Арча Кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы» мамлекеттик мекеменин ишиндеги одоно мыйзам бузуулар аныкталды.
«Ала-Арча» КМЖП балансында турган бодо малдын иш жүзүндөгү жана документалдык санын салыштыруу учурунда 39 баш жылкы жана 26 баш топоз жетишпегендиги аныкталды.
Такталган маалымат боюнча, жооптуу адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 3,7 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Учурда УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg