www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-январдагы авиа кырсыктын айрым бир «секреттери» акырындап чыга баштады көрүнөт. Ошол убактагы кырсыктын абалы боюнча Бурулкан Карагулова, өзүнүн Фейсбук баракчасына төмөнкүчө жазып чыкты.

- 10 мүнөт, 20 мүнөттө келишти дешкендери жалган. Биз 80 пайыз сөөктү чыгарып бүтүп койгондо биринчи солдаттар келди. Алар тизилип кыркалекей турушту. Анан милициялар келип лента тартып киришти. Бизди кууп чыгып товарды чукуй башташты. Мынакей тартып алдык. “Жакшылыкты тоголок жетим калды”, деп атышпайбы, атасы тирүү чыккан.

Бизди кеткиле дегенде "тирүү экен" деп кыйкырдык. Болбой күчкө салып бизди кууп чыгышты. Солдаттар жардамга келген жок. “Тизилип тур” деген команданы аткарышты алар. Анан 3 сааттан кийин МЧС (ӨКМ) келди. Колунда эч нерсе жок, бизден айылдан кыдырып күрөк сурашты. Анан кийии-ин гана ТЕЗ ЖАРДАМ келди. Аны кийин өлдү деп айтышты. Жардам берип аман алып калат элек өзүбүз.

Алар КАРА ЖАЩИК издеп атабыз деп, товарды жүктөп жүрүштү. Өлүктөрдү унутуп салышты. Бизди жөн койсо, кайсы жерде ким жатканын көрсөтөт элек, балким көбүн тирүү алып калат элек. Анан эле биз калып, 5 сөөк чогулткан алар баатыр болуп чыга келишти...

Бечера учкуч тирүү болчу. Тирүү го десек болбой үстүнө чүпүрөк жаап салышты. Ал креслосу менен чогуу ыргып түшүптүр. Дагы уялышпай жолдо скорыйда баратып үзүлдү деп айтышты. Бул сөздөрдү ыйлап айтып берип жатышты. Өткөрүп алган видеолорду керектүү жерге жөнөттүм, - деген пикирин жазган Бурулкан айым.

Эскертүү, текст өзгөртүүсүз берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости